Бишкекте орусиялык «Sputnik V» вакцинасынын 7 миң гана дозасы калды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Маалымат боюнча, ушул эле вакцина республиканын бир нече аймактарында бар. Тактап айтканда, Ош шаарында 1,3 миң, Чүй облусунда 260, Ош облусунда 970, Жалал-Абадда 1,7 миң доза калган. Ысык-Көл облусунда эмдөө аяктаган.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 5-июлга карата республикада 121,6 миң адам эмдөөдөн өтүп, анын ичинен экинчи дозаны — 81,1 миң адам алган.