Кыргызстанда өсүмдүк майы бир жыл ичинде 1,6 эсеге кымбаттады

Күн карама жана пахта майынын чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 1,6 эсеге

жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Өлкөнүн 18 калктуу конушу боюнча күн карама жана пахта майына жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары, 2021-жылдын 18-мартына карата күн карама майына болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 164,78 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөнүн көрсөттү. Ал эми пахта майынын баасы 153,17 сомду түздү жана 1,5 эсеге өстү.

Ошол эле учурда, күн карама майынын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Нарын (бир кг үчүн 168,38 сом), Бишкек (бир кг үчүн 167,42 сом), Каракол (бир кг үчүн 167,37 сом), Ош (бир кг үчүн 166,62 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 165,55 сом), Токмок (бир кг үчүн 165,30 сом) шаарларында түзүлдү. Ал эми минималдуу баалар Өзгөн (бир кг үчүн 147,27 сом), Кара-Балта (бир кг үчүн 147,81 сом), Кербен жана Ноокат (бир кг үчүн 152,17 сом) шаарларында катталды. Күн карама майынын бааларынын эң жогору өсүшү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу Чаек айылында жана Токтогул, Жалал-Абад, Каракол, Токмок шаарларында 1,8 эсеге өскөнү катталды.

Чаек айылында (бир кг үчүн 167,27 сом), Токмок (бир кг үчүн 157,59 сом), Бишкек (бир кг үчүн 156,22 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 155,32 сом), Исфана (бир кг үчүн 154,06 сом) шаарларында пахта майынын болгон чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми минималдуу баалар Кербен (бир кг үчүн 95,00 сом), Талас (бир кг үчүн 133,64 сом), Баткен (бир кг үчүн 136,42 сом), Өзгөн (бир кг үчүн 136,68 сом) шаарларында жана Покровка айылында (бир кг үчүн 136,89 сом) байкалды.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу пахта майынын бааларынын максималдуу өсүшү Чаек жана Покровка айылында байкалып, 1,7 эсеге өскөн. Ошондой эле Жалал-Абад, Токтогул, Токмок, Исфана шаарларында 1,6 эсеге жогорулаган.