Кыргызстанда өткөн жумада курч респиратордук вирустук инфекциялар өстү

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 796 учуру катталган. Ал эми сасык тумоонун 73 учуру катталып, мурдагы жумага салыштырмалуу 3 пайызга өстү.

Ооругандардын 483ү ооруканага жаткырылган. Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында мектептерде балдардын сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.