«Кыргызстанда өтө көп бала атасыз өсүп жатат». Алтын Капалова резонанстан кийин үн катты

«Кыргызстанда өтө көп бала атасыз өсүп жатат». Жарандык активист Алтын Капалова резонанстан кийин соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялоо аркылуу үн катты.

«Маданий мурасты сактоо жаатында адис катары мен мурасты сактоо керектигин жана аны кандай сактоо керектигин жакшы билем. Биз сактап, келечек муунга өткөрүп бере турган, бирок укукту тепселеген да салттар бар, аларды өткөн убакта калтыруу зарыл. Алсак, ала качуу салты бар. Мен дайыма ала качуу — бул кылмыш, ал адамды уурдоо менен зордуктоо аркылуу коштолот деп келем. Бизге андай салттар керек эмес. 

Мен мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө чоңойдум. Атам өмүр бою укук коргоо органдарында иштеп, кызмат ордунда жаш кезинде каза болду. Апам оор 90-жылдарда жети бала менен калган. Апам бизге өмүрүн арнап, чоң кыйынчылыктардан өттү. Мен эмне үчүн апама сый көрсөтүп, анын ысымын алып жүрө албайм? «Матчество» — бул бир эле балдарын жалгыз өстүргөн энелер тууралуу эмес. Бул — баарында болуш керек болгон тандоо. 

Кыргызстанда өтө көп бала атасыз өсүп жатат. Биз миңдеген мигранттардын тагдырларын укканбыз, аталар башка өлкөгө кетип, ал жактан башка үй-бүлө күтүп, өз балдарын унутуп коёт. Мындай учурда аялдарга чоң түйшүк түшөт. Ар бир аял эркектер менен бирдей баласына ысымын берүүгө укуктуу», — деп жазылат билдирүүдө.

Өлкөдө апанын ысымын алууга уруксат берилгени маалым болду. Жөнөкөйлөтүп айтканда, паспортко «атасынын аты» деген графага жаран апасынын ысымын жаздыра алат. Конституциялык сот бул чечимине «эрезеге жеткен жаран (18 жашка чыккан) өзүнүн толук атынын элементи катары эркектин атын кабыл албаган жаран атасынын же энесинин атын тандоо укугуна ээ болушу керек» деп түшүндүрдү.