Кыргызстанда парламенттик шайлоо аяктады

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары шайлоо болуп өттү.

Бул жолку шайлоодо 90 мандаттын ичинен 54 мандатты партиянын тизмеси менен шайланган талапкерлер алат. Ал эми 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Жалпы 21 партия, бир мандаттуу округдардан 284 талапкер шайлоого катышты.

Шайлоочулардын жалпы тизмесине 3 млн 703 миң 420 жаран катталган. Кыргызстандагы шайлоо тилкелеринин жалпы саны — 2435, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун саны — 59. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө ачылган шайлоо участоктору саат 20:00дө жабылды.