Кыргызстанда ПЦР-тесттин баасы эки эсе арзандады

Акы төлөнүүчү ПЦР-ыкмасы менен СOVID-19 оорусунун лабораториялык диагностикасынын баасы арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эми ПЦР-тесттин баасы 788 сомду түзөт. Мурда анын баасы 1574 сом болчу. Тактап айтканда 786 сомго арзандады.