Кыргызстанда салмагы 7 килограммдык ымыркай төрөлдү

Бүгүн, 19-мартта саат 10:00 чамасында Кыргызстанда салмагы 7 килограммдан ашкан ымыркай төрөлдү.

Ымыркай Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Анын салмагы 7 килограмм 175 грамм, бою 61 сантиметрди түзгөн.

Энесинин абалы канааттандырарлык.