Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

11-декабрдан 17-декабрга чейин КРВИ жана сасык тумоо менен ооруган 11 миң 575 учур катталды. Бул өткөн аптага салыштырмалуу 43,4 пайызга өскөн.

Өткөн жылга салыштырмалуу 4 эсеге азайган. Акыркы бир жумада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда СOVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталган.