2022-жылдын эпидемиологиялык сезонунда Кыргызстанда сасык тумоонун 99 учуру катталды.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, алардын 92си лабораториялык жактан тастыкталган. «Сентябрь айында В гриппинин вирусу катталды, 14-20-ноябрь аралыгында чочко тумоосунун 34 учуру аныкталды», — деп билдиришти.
Чочко тумоосу — бул сасык тумоонун эң коркунучтуу түрү. 28-ноябрдан 4-декабрга чейин сасык тумоонун 62 учуру катталган. Дарыгерлер чочко тумоосу өтө жугуштуу жана өтө оор экенин эскертишүүдө.
Чочко тумоосунун белгилери:
- баш жана булчуңдун оорушу;
- кургак жөтөл, мурундун агышы, ангина, абанын жетишсиздиги;
- дене таптын 38-39 градуска чейин жогорулашы;
- алсыздык;
- оорунун тез өнүгүшү, абалдын тез начарлашы.