Кыргызстанда шайлоолорду жекшембиде эмес, жума күнү өткөрүү сунушталды

«Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Анын демилгечиси — Тазабек Икрамов.

Мыйзамдын максаты жана милдети — Кыргыз жарандарынын шайлоолордо жана референдумдарда өздөрүнүн бийлигин түз жүзөгө ашыруусун толук камсыз кылуу болуп саналат. Анда шайлоону эс алуу күнүндө эмес, жума күнү өткөрүү сунушталат.

«Шайлоочулар дем алыш күндөрүн үй-бүлөлөрү менен өткөрүш үчүн жана шайлоочулардын эс алуу укугунан ажыратпоо максатында жума күнкү жумуш күндөрүнө жылдыруу. Ошондой эле добуш берүүгө катышпаган жүйөлүү себептери бар адамдарды кошпогондо мыйзамда каралган жоопкерчилик  алып келет», — деп айтылат маалыматта.