Кыргызстанда тартылган ак илбирстин сейрек кездешүүчү сүрөттөрү

Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын командасы Кыргызстандын аймагында тартылган сейрек кездешүүчү ак илбирстин сүрөттөрү менен бөлүштү.

«Советтер Союзунда ак илбирске аңчылык кылууга жыл бою уруксат берилип, алтургай алардын терилери жогору бааланган. Ошондой эле тирүү ак илбирсти сатуу дүйнөлүк рынокто зооэкспорттун кирешелүү багыты болгон. 1980-жылдарга чейин Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү зоопарктарга ак илбирсти эбегейсиз көп экспорттоп келген», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөттөр азыркы Кыргызстандын аймагында, өткөн кылымдын 30-70-жылдарында тартылган.