26-декабрда № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейинде Моцзы өнөрканасы ачылды. Ал Кытай Эл Республикасынын Ляонин темир жол кесиптик-техникалык колледжи менен биргеликте ишке ашырылды.
Иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, окуу жайдын жамааты жана Ляонин темир жол кесиптик-техникалык колледжинин ректору, профессор Юэ Гуйсинь катышты.
Министр темир жол куруу ишканаларынын өкүлдөрүнө студенттердин такшалмадан өтүүсүнө, мугалимдердин жеринде практикалык билим алуусуна шарт түзүүнү сунуштады. Моцзы өнөрканасы поезддердин кыймылын уюштуруу жана көзөмөлдөө, темир жолду куруу жана оңдоо үчүн заманбап техника менен жабдылган.
Кошумчалай кетсек, бүгүн, 27-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абадда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берди.