Кыргызстанда төрт соода-логистикалык борбор куруу пландалууда

Кыргызстан менен Казакстан төрт соода-логистикалык борбор курууга макулдашты. Мындан тышкары, Өзбекстан менен дагы келишим бар. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскар Жаныбеков брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул маселе жакында эле өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында талкууланган.

«Негизи биз макулдаштык. Казак тарап каржылоого даяр. Учурда шарттарын талкуулап жатабыз. Товарларды Казакстанга экспорттоо үчүн жана транзит менен алып өтүү максатында Чүй облусунда үч борбор ачылат. Ал эми төртүнчүсү Ысык-Көлгө курулат«, — деди Жаныбеков.

Министр президент Садыр Жапаров Өзбекстанга барганда Кыргызстандын аймагына соода-логистикалык борбор курууну сүйлөшүп келгенин дагы эске салды. Курулуш ишин өзбек тарап каржыламай болгон. Жаныбеков Өзбекстан менен биргеликте канча борбор куруларын тактаган жок.