Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлүп, үшүк жүрүшү мүмкүн

1-2-октябрь күнү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Өлкөдө абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.