Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери калды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери, блокадачылар жана концлагерлердин туткундары калган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Улуу Ата Мекендик согуштун 14 катышуучусу жана майып болуп калгандары жашайт:

Ошондой эле республикада 7 концлагердин мурдагы жашы жетпеген туткундары жашайт: 5 адам – Бишкек шаарында, Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында бирден.

Мындан тышкары, 11 Ленинград блокадачылары калды: борбордо 9 адам, Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында бирден адам.