Кыргызстанда ун менен буудайды экспорттоого тыюу салынды

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында 6 айлык мөөнөт менен буудай унун жана буудайды убактылуу ташып чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, токтом 22-сентябрда кабыл алынган.