Кыргызстанда унааларды мыйзамсыз караңгылаткандар үчүн айып пул көбөйдү

Мындан ары унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуунун айып пулу жеке жактарга 22 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 40 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

«Мындан ары жаңы өзгөртүүгө ылайык, унаасынын терезелерин атайын мыйзамсыз күңүрттөп, караңгылатып алган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлдү. Ага ылайык мындан ары терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочулар Укук бузуулар кодексинин 194-берененин 3-бөлүмүнө ылайык, унааны убактылуу айып короо жайына токтотуу менен жеке жактар 22 миң сом, ал эми юридикалык жактар 40 миң сом айып төлөшөт»,- деп айтылат маалыматта.