Кыргызстанда вебкам менен сойкулук уюштургандарга мыйзам чегинде тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам сойкулукту жана бузукулукту интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) атайын платформа (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү укукка каршы экендигин белгилөө жана аталган жосундар үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында кабыл алынган.

Көрсөтүлгөн мыйзам төмөнкүлөрдү караштырат:

1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөк көрсөтүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине сойкулук менен алектенүү үчүн жана порнографиялык мүнөздөгү аракеттерге интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) катышуу үчүн жоопкерчиликти белгилөөгө багытталган толуктоолорду киргизүү.