Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны эки эсеге көбөйгөнү маалым болду

Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны эки эсеге көбөйгөнүн Республикалык вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү борборунун директору Үмүткан Чокморова билдирди.

Ал белгилегендей, отчеттук маалыматтар боюнча республикада С гепатити менен 2000ге жакын жана В гепатити менен 3000ге жакын бейтаптар жашайт. «Вирустук гепатитке бекер анализ ала баштаган соң, ооругандар көп экенин билдик. 4 айда 5000дей В гепатити менен 3000дей С гепатити менен ооругандар аныкталды. Ооругандардын саны пайыздык эсеп менен канчага көбөйгөнүн так айта албайм. Бирок сандар эки эсе көбөйдү. Бирок бул иштин башталышы гана. Гепатиттин өзү симптомсуз жана көбү вирустун алып жүрүүчүсү экенин билишпейт», — деди ал.