Кыргызстанда Wildberries компаниясы аркылуу товар ташуу 2 аптага токтотулду

Wildberries компаниясы Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Бул туурасында Соода-өнөр жай палатасы тарабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Wildberries компаниясынын өкүлү Максим Губанов менен жолугуп, Wildberries аркылуу Кыргызстандан товарларды ташууга байланышкан олуттуу көйгөйлөрдү талкуулады. Товар ташууну эки аптага токтотулгандыгы казак тараптын айрым документтерди көрсөтүү талабы себеп болгон.

«Мындай жагдай бул платформа аркылуу иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн», — деди Сариев.

Wildberries күн сайын жалпы суммасы 25 миң доллардан ашкан 5 тоннадан ашык товар жөнөтөт.