Бүгүн, 28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Үч округ боюнча депутаттыкка 28 талапкер катышууда.
Шайлоочулардын тизмедеги саны — 349 миң 798 адам. Добуш берүү убактысы 8:00дөн 20:00гө чейин.