Кыргызстандагы 270 автомектептин 22си гана талапка жооп берери маалым болду

Буга чейин бардык автомектептер талапка жооп бере тургандыгы боюнча текшерүүдөн өткөндүгүн ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов комитет жыйынында билдирди.

Депутат Аида Исатбек кызы башка автомектептер жабылабы же жокпу сурады. «Мыйзам боюнча биз аларга адегенде айып пул салабыз, андан кийин талаптарга ылайык келтирүүгө 90 күн убакыт беребиз. Эгер андай болбосо, лицензияны жокко чыгарабыз. 21 филиалдын иши токтотулду, 33 автомектеп убактылуу жабылды», — деди Исраилов.