Жума, 30.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Кыргызстандагы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилди. Жарлыкка кол коюлду

20:05 18.07.2022
0
Кыргызстандагы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилди. Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик жогорку окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берүүнү караган өзгөчө статус берилет:

– Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;

– И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

– К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;

– И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

– Ош мамлекеттик университети.

Аталган мамлекеттик жогорку окуу жайларына төмөнкүдөй укуктар берилет:

– бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык системасынан тышкары мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарда банк эсептерин ачууга;

– көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктоого;

– окуу иштери боюнча проректорлорду дайындоого жана бошотууга;

– ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун жана аталышын, алардын ишин уюштуруу тартибин, ошондой эле аларды башкарууга жана персоналына карата талаптарды өз алдынча аныктоого;

– өз алдынча көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча эмгек акы төлөөгө жумшалуучу каражаттардын үлүшүн аныктоого, ЖОЖдун кызматкерлеринин бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн, материалдык дем берүүнүн жана материалдык жардам көрсөтүүнүн формаларын жана өлчөмдөрүн белгилөөгө;

– аудиттин эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын көз карандысыз тышкы же ички (ЖОЖ ичиндеги) аудитордук текшерүүнү кошпогондо, 3 жылдык мөөнөткө текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн бошотууга;

– билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштерден каражат түрүндө киреше алууга жана аларды ЖОЖдун ишин жакшыртууга жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жумшоого;

– өз алдынча көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө), ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды тескөөгө;

– 2022-жылга каралгандан төмөн эмес көлөмдө мамлекеттик билим берүү гранттарын алууга;

– акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө;

– окугандардын санын өз алдынча аныктоого жана бар болгон аянттарды жана ЖОЖдун башка шарттарын эске алуу менен студенттерди кабыл алуу планын бекитүүгө;

– ЖОЖдордун юридикалык жактын статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрүнө капиталдык жана учурдагы оңдоо, аларга бекитип берилген, алардын балансында турбаган материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү менен байланышкан финансылык чыгымдарды аталган бөлүмдөрдүн бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметаларынын чегинде жүргүзүү укугун берүүгө.

Ошондой эле, Жарлык менен төмөнкү мамлекеттик жогорку окуу жайларын кайра уюштурууну жүргүзүү максатка ылайыктуу деп табылат:

– илимий-изилдөө университети деген статусту берип, Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясын, А. Токтоналиев атындагы Бишкек финасылык-экономикалык техникумун кошуу менен М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетин;

– Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин кошуу менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин;

– Ош мамлекеттик юридикалык институтун кошуу менен Ош мамлекеттик университетин;

– Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин, Академик Ү. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин кошуу менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте демилгелөө тапшырылат:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонууну ушул жарлыкта көрсөтүлгөн мамлекеттик ЖОЖдор тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн алып салууну;

– ушул жарлыкта көрсөтүлгөн мамлекеттик ЖОЖдорго төмөнкүдөй укуктарды берүүнү:

профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөөнүн тартибин өз алдынча аныктоого;

лицензия албастан жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүүгө;

сатып алууларды жүргүзүүнүн бекитилген ички эрежелерине ылайык көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча сатып алууларды өз алдынча жүргүзүүгө;

өз алдынча белгиленген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууга;

бакалаврларды жана адистиктерге даярдоо багыттары боюнча окутуу үчүн кабыл алуу эрежелерин өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө.

Ошону менен бирге, МинКабга өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү жана бул жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрүү тапшырылат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Автор СЕРЕП МЕДИА
23:14 29.01.2026
0

  Мурдагы депутат Исхак Масалиев BBC’ге берге комментарийинде Жапаров менен Ташиевдин мамилеси фундаменталдуу жана туруктуу экенин айтты. "Буларды мурунку эки...

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Автор СЕРЕП МЕДИА
22:16 29.01.2026
0

  Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Клара Сооронкулова президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда — быйыл, 2026-жылы өткөрүү мыйзамдуу экенин билдирди. Анын айтымында,...

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Автор Айзада Тураркулова
14:37 28.01.2026
0

Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы 19 миң сомдү түзөт. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. "Азыр эле...

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү  айдоочуну сапаттуу  даярдоого кызыкдар болгон эмес.  Алардын негизги максаты — акча табуу»

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес. Алардын негизги максаты — акча табуу»

Автор Айзада Тураркулова
14:19 28.01.2026
0

Өлкө башчыс Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк алуу, жеке автомектептердин жабылуусу боюнча "Кабар" агенттигине маек берди. Ал "Жеке автомектептерди жаппай эле...

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Автор Айзада Тураркулова
14:56 27.01.2026
3

СерепТВ редакциясы учурда коомчулукта катуу талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановго мурунку жубайы менен болгон чырынын айланасында пикирин билүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү