Кыргызстандагы аэропорттордо ПЧР-анализин ыкчам тапшыруу үчүн лабораториялар ачылат

Саламаттыкты сактоо министрлиги 23-январдан тарта Бишкектеги “Манас” Эл аралык аэропорту, Ош жана Ысык-Көл облустарындагы аэропорттордо жүргүнчүлөр ПЧР-анализин ыкчам тапшыра ала турган лабораторияларды уюштурат. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда “Манас” Эл аралык аэропортунун Бишкек филиалынын директору Бакытбек Бекбача маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, “Манас” аэропортунда кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандар өлкөгө кирип-чыккан учурда вирустун таралышын алдын алуу үчүн тиешелүү алгоритм иштелип чыккан. Эми учакка отуруу алдында жүргүнчүлөрдөн ПЧР-тесттин акыркы 72 саат ичиндеги жыйынтыгы талап кылынат.

Учакка коронавируска каршы тесттин жыйынтыгын көрсөткөн жарандар гана киргизилет.

“Буга чейин мындай талаптар чет элдик жарандарга гана тиешелүү болчу. 23-январдан тарта бул алгоритмдер кыргызстандыктарга да колдонула баштайт” — деди.

Ошондой эле, авиакомпаниялардын кызматкерлери кыргызстанга учуп келген жүргүнчүлөргө атайын анкеталарды таратышат. Аны толтуруп, аэропорт кызматкерлерине тапшыруу зарыл болот.