Кыргызстандагы эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт

Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сом. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мындай пенсияны бир адам алат, бирок Соцфонддун жетекчиси буга тыюу салган мыйзамдарга таянып, анын атын атаган жок. «Октябрь айында жогорулагандан кийин Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң 340 сомду түздү. Пенсиялардын орточо өсүшү 455 сомду түздү», — деди ал.

Өлкөдө эң аз пенсия 1,5 миң сомду түзөт. Аны 40 миңге жакын адам алат. Бул эмгек стажы жокторго дайындалат.