Кыргызстандагы эң кооз ашуулардын бири таштанды таштоочу жайга айланды. Сүрөт

Кыргызстандагы эң кооз ашуулардын бири — Талас облусун Суусамыр өрөөнү менен байланыштырган Өтмөк ашуусу таштанды таштоочу жайга айланды. Бул тууралуу Евгений Терентьев Фейсбукка жазды. Социалдык тармактын колдонуучусу өзү тарткан сүрөттөрдү жарыялады.

«Бул ашуунун эң бийик жери. Жолдун жээги. Кыргызстандын жарандары жана чет элдик туристтер сүрөткө түшүү үчүн токтогон жер. Турист бул жерге кайтып келеби? Кыргызстанды досторуна сунуштайбы?Экологиялык кырдаал жөнүндө таптакыр сөз жок», — деп жазган ал.