Кыргызстандагы мектептерде беткап тагынуу эрежеси алынды

Кыргызстандын мектептеринде беткап тагынуу мындан ары милдеттүү түрдө болуп саналбайт. Мындай чечимди бүгүн, 3-мартта COVID-19 боюнча Республикалык штаб кабыл алды.

Белгиленгендей, чечим коронавирус боюнча кырдаал салыштырмалуу турукташып калгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

 Жаңы эрежелер окуучуларга, ошондой эле билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тийиштүү. Ошону менен бирге колду тез-тезден жууп туруу жана дезинфекциялоо сыяктуу санитардык ченемдер сакталып калат.