Кыргызстандагы мыкты мектеп аныкталды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектеби “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” болуп аныкталгандыгын билдирди.

Республикалык тандоо 5 этаптан туруп, жалпы 122 мектеп катышты. Тандоо Кыргыз Республикасынын мыкты мектептеринин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн коомчулукка жана кызыкдар жалпы билим берүү уюмдарынын арасында жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Республиканын мыкты мектебин тандоонун алкагында Бишкек шаарында 26-сентябрда билим берүү марафону жана тандоого катышкан жалпы билим берүү уюмдарын сыйлоо аземи өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев атындагы орто мектеби “Мыкты мектеп” деп табылып, мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланган.