Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинин тосмосуна белгисиз жаран кызыл боёк чачып кеткен

Орусиянын элчилигинин тосмосуна белгисиз жаран кызыл боёк чачып кеткен. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 27-июнда саат 02:30 чамасында болгон. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Териштирүү уланууда.