Кыргызстандагы Путин чокусуна Украинаны желегин илип кетишкен (видео)

Кыргызстанда жайгашкан Путин чокусуна белгисиз адамдар Украинаны желегин илип кетишкен. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып, видео менен бөлүшүп жатышат.

Тоо чокусу 2011-жылы Орусиянын президенти Владимир Путиндин урматына аталган. Путин чокусу Бишкектин жанындагы Ак-Суу капчыгайында жайгашкан. Анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 4446 метрди түзөт.