Кыргызстандан алгачкы топ Сауд Арабияга ажылыкка аттанды

Ажылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан маалымдашты.

«Алгачкы топто 405 жаран учса, аларды 8и ажы башчы жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла Кадырбердиев, дарыгерлер коштоп кетишүүдө. Алгачкы топту узатуу салтанатына Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси катышып, байсалдуу сапар каалашты», — деп жазылат маалыматта.