Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына каттамдар көбөйүүдө

Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына каттамдар көбөйүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, «Флай Дубай» авиакомпаниясы 25-июндан баштап Дубай-Бишкек-Дубай маршруту боюнча дагы 1 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 14 каттам (күн сайын 2 каттамдан) аткарылмакчы.