Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр Түркияда тигиле баштады

Бүгүн, 13-февралда Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр Түркиянын Кахраманмараш шаарына жеткирилип, аны ошол жактагы этникалык кыргыздар тигүүгө киришти.

Кечээ, 12-февралда Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардан турган ыктыярчылар топтору түзүлүп, жабыркаган аймактарга Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөрдү тигүү үчүн жөнөтүлгөнүн маалымдаган болчу.