Министрлер кабинети 31-январдан тартып үч айлык мөөнөткө пиязды Кыргызстандын аймагынан чыгарууга тыюу салды. Бул тууралуу Айыл чарба министлигинен билдиришти.
«Пияз-шалот, көк пияз жана башка пияз сымал жашылчалар убактылуу чектөө киргизүү боюнча токтом кабыл алынды. Токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды»,- деп айтылат маалыматта.