Кыргызстандан Түркияга башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет кылган кыз кармалды

Бүгүн, 6-августунда «Манас-аэропорт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун чек арачылары башка бирөөнүн паспорту менен Түркияга учууга аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Стамбул багыты боюнча №349 рейсти каттоо учурунда Кыргызстандын жараны чек арачыларга 1991-жылы туулган кыздын чет элдик паспортун тапшырган. Чек ара кызматы паспорттогу сүрөт документти алып жүргөн жаранга окшобогонун аныкташкан. 

Атайын текшерүү учурунда Кыргызстандын жараны Стамбулга башка бирөөнүн паспортун колдонуп учууга аракет кылгандыгы белгилүү болду. Кармалган 1995-жылы туулган жарандын айтымында, ал Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салынгандыктан, мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн башка бирөөнүн паспортун колдонгон. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.