Кыргыз Республикасынын 17 мектеп окуучусу биология боюнча британ (British Biology Olympiad 2024) олимпиадасында 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 1000ден ашуун мектептен 15 миңден ашуун окуучу катышкан.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
1. Данияр Гаипов, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;
2. Арген Ишеналиев, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясы, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;
3. Азирет Анварбеков, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;
4. Нурсултан Увалиев, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейи, 10-класстын окуучусу – алтын медаль;
5. Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 экологиялык-экономикалык лицейи, 9-класстын окуучусу – алтын медаль;
6. Байзак Карыпжанов, “Манас-Ата” Талас лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;
7. Рахман Марат уулу, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;
8. Айбийке Базарбаева, Бишкек шаарындагы United World International School, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;
9. Дамир Маджунов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класстын окуучусу – күмүш медаль;
10. Али Эшматов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;
11. Өмүрбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класстын окуучусу – күмүш медаль;
12. Алихан Жуссипахмет, Бишкек шаарындагы QSI, 9-класстын окуучусу – күмүш медаль;
13. Нурбол Акматалиев, Бишкек шаарындагы American-European School, 10-класстын окуучусу – коло медаль;
14. Элхан Акимов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 9-класстын окуучусу – коло медаль;
15. Мелита Самиева, “Айчүрөк” Бишкек кыздар лицейи, 11-класстын окуучусу – коло медаль;
16. Мухтадил Хамитжанов, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 9-класстын окуучусу – коло медаль;
17. Алмамбет Абдылдаев, Кант шаарындагы Д.П.Зубков атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясы, 11-класстын окуучусу – коло медаль;