Кыргызстандын окуучулары ушул жылдын 8-ноябрынан 13-ноябрына чейин Өзбекстандын Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматтарда болуп өткөн Ахмад аль-Фергани атындагы I физика боюнча эл аралык олимпиадада 3 коло медалды багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Мелдешке 19 өлкө катышкан. Биздин өлкөбүз офлайн форматта катышты. Олимпиада бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен өткөрүлдү.
Олимпиадага Кыргызстандын курама командасындагы 8 окуучуну мугалимдерден Садирбек Муратов, Доктурбек Кудашов жана Сүйүн Умаровалар коштоп барышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучулары: Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков (Жалал-Абад) жана Бекали Гартман (Чүй) коло медалдарды жеңип алышты.