Кыргызстандык айым Орусияда чач тарачтар арасында дүйнө чемпиондугунда 1-орунду алды

Кыргызстандык Мээрим Кадырбаева «Кышкы сулуулук спартакиадасынын» (VI Эл аралык сулуулук жана мода индустриясы фестивалы) дүйнөлүк чемпиондугунун башкы сыйлыгын жеңип алды. Мелдеш өткөн жылдын декабрь айында Краснодарда өткөн.

Чач стилист Мээрим Кадырбаева сынакка ар түрдүү номинациялар боюнча беш эмгегин көрсөткөнүн билдирди. Сынактын жыйынтыгында эмгектер өз номинациялары боюнча биринчи орундарга ээ болуп, Мээрим Кадырбаева «Жылдын мыкты инструктору» деп табылган. 

Жаш кыргызстандыктар Бегимай Бакаева, Перизат Сынтырбекова жана Мээримдин кызы – 14 жаштагы Камила Кадырбаева да өспүрүмдөр арасында 1-орунга ээ болушту. Орусиядагы абройлуу мелдештин катышуучулары жалпысынан 13 түрдүү кубокту, анын ичинде Мээрим Кадырбаева – «чач тарач» бөлүмү боюнча Дүйнө чемпиондугунун гран-присин жеңип алышкан.