Ажылык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга 12-июндан тарта жөнөй баштайт

Ажылык зыяратчылардын алгачкы тобу 12-июндан тарта Сауд Араб Падышачылыгына жөнөй баштайт. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Алгачкы топ 12-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб падышалыгынын Медина шаарына учуп кетишет. Ар бир учуучу топто 672 зыяратчы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп бармакчы. Ал эми акыркы топ 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча САПка жөнөп кетишет. Быйыл зыяратчылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салышат», — дешти.