Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жиддадан Ошко учуп кетти

Кечээ, 22-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын Жидда шаарындагы аба майдандан кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мекенге сапар тартты. Ажылык ибадаттарын аткарып болгон зыяратчылар алдыдагы 15 күн бою Жидда-Ош, Жидда-Бишкек жана Медина-Ош, Медина-Бишкек багыттары боюнча Кыргызстанга кайтат.

Ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн Кыргызстандан аттанган алгачкы топ 31-май күнү Мединага учуп келген.