Кыргыз кызы Германияда депутаттыкка ат салышат. Ал белгилүү, авторитеттүү коомдук активист

Бермет Абдрахманова Германиянын Мурнау шаарынын парламентинин депутаттыгына ат салышмакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жазды.

«Бермет Абдрахманова Бавариянын Мурнау шаарында «Элдик Университеттин» интеграция жана тил бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Мигранттардын адаптация болуп, жергиликтүү немистер менен камыр-жумур болуп жашап, иштеп кетишине жардам берет. Ал шаарда белгилүү, авторитеттүү коомдук активист. Бермет Мурнау шаарынын парламентинин депутаттыгына ат салышмакчы. Мен ийгилик каалап бата бердим.

Берметтин депутаттык шайлоого катышышы өзү үчүн гана эмес, Германиядагы кыргыздар үчүн утса да, утулса да абдан маанилүү. Бөтөн эл, чет жерде кыргыздын кызы чүнчүбөй, жалтанбай жергиликтүү немистер менен тең ата болуп, тизгин талашып жатканы Германиядагы кыргыз диаспорасы өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына өткөнүнөн кабар берет. Алар өз күчүн сезип, өз кызыкчылыктарын коргой ала турган деңгээлге жетишти», — деп жазды ал.