Кыргызстандык дарыгерлер Түркияга медициналык жардам көрсөтүү үчүн барышат

Кыргызстандык дарыгерлер Түркияга медициналык жардам көрсөтүү үчүн барышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Саламаттык сактоо министрлиги үчүнчү деңгээлдеги дарылоо уюмдарынан – нейрохирург, травматолог, реаниматолог, анестезиолог, кан тамыр хирургунан, жалпы профилдеги хирургдан турган жогорку квалификациялуу адистерди топтоду. Дарыгерлер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталында медициналык жардам көрсөтүшөт»,— деп айтылат маалыматта.