Кыргызстандык эки окуучу эл аралык олимпиададан коло медаль алды

2022-жылдын 10-18-июлунда мектеп окуучулары арасындагы химия боюнча 54-Эл аралык олимпиада онлайн режимде өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Олимпиадага дүйнөнүн 84 өлкөсүнөн 300дөн ашык мектеп окуучулары катышты. Ар бир өлкөдөн төрт бала, анын ичинде Кыргызстандан 4 мектеп окуучусу бар.
Аталган олимпиадада Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Азамат Саламатов жана Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Иван Решетников коло медалга ээ болушту.
Белгилей кетсек, химия боюнча эл аралык олимпиада 1968-жылдан бери 20 жаштан ашпаган мектеп окуучулары үчүн өткөрүлүп келет. Олимпиаданы Кытай өлкөсү уюштурат.