Кыргызстандык фотографтын сүрөтү Түркиянын туризм министрлигинин көңүлүн бурду (видео)

Кыргызстандык фотограф Медер Мырзаевдин тарткан сүрөтү Түркиянын туризм боюнча министрлигинин Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыяланды. Түрк элинин көңүлүн бурдурган аталган сүрөт боюнча фотографтын жубайы Мирзада Майчинова СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүдөй маалымат берди.

«Биз жолдошум Медер экөөбүз жазында Түркиянын Анталья шаарындагы Тазы каньонуна барып кооз сүрөттөрдү тартып келгенбиз. Андагы кадрлардын айрымдарын мен социалдык баракчама жүктөп койгон болчумун. Аталган сүрөт түрк элинде абдан популярдуу болуп, көп каралып, көп жолу бөлүшүлгөн. Түркиянын туризм боюнча министрлигинин расмий баракчасына биз мурун эле катталган болчубуз. Баракчадагы кооз сүрөттөрдү көрүп, эмнеге биздин сүрөттөрдү алышпайт деп койгон элек. Бир ай мурун «сүрөтүңөрдү баракчабызга жүктөйлү дегенбиз» деп мага кайрылышты. Түркия өлкөсүнүн расмий баракчасы болсо да бизге байланышкандарына кубандык», — дейт Мирзада Майчинова.