Кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаевага FIFPRO өзүнүн өзгөчө сыйлыгын ыйгарды

Өлкөнүн футболчу кызы Айдана Оторбаева кесипкөй футболчулардын бүткүл дүйнөлүк уюмунун (FIFPRO) өзгөчө сыйлыгына татыды. Бул тууралуу футболчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда ал аталган футбол уюм ага “Баатыр” (FIFPRO Hero) деген атайын өзгөчө сыйлык ыйгарганын айтты.

“Бул сыйлык мен үчүн өтө чоң мааниге ээ. Менин ишмердүүлүгүм ушундай чоң-чоң ийгиликтерди алып келет деп ойлогон эмесмин. Баардык жакындарыма мага колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычылык билдирем”,- деп жазган Оторбаева социалдык баракчасына.