Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана Бишкек шаарынын «Дордой» клубунун чабуулчусу Эрнист Батырканов карьерасын Казакстандын чемпионатында улантат.
«Дордой» футбол клубунун басма сөз кызматы билдиргендей, Батырканов Петропавловск шаарынын «Кызылжар» клубуна өттү.
Өткөн сезондо Батырканов «Дордой» клубунун курамында Кыргызстандын чемпиону болгон.
«Кызылжар» клубу Казакстандын Премьер-лигасында ойнойт жана өткөн сезондо 11 команданын ичинен 9-орунду ээлеген.
Казакстандын чемпионатында дагы бир кыргызстандык футболчу Гүлжигит Калыков ойнойт.