Кыргызстандык илимпоз айым Асель Сартбаевага Улуу Британиянын илимий даражадагы сыйлыгы ыйгарылат

Кыргызстандык илимпоз айым Асель Сартбаевага Улуу Британиянын “FDM Every woman in technology awards 2021” аталышындагы илимий сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалым болгондой, Асель айымга академиялык даражадагы сыйлык тапшырылмакчы. Мындай сыйлык илим жана техника тармагына зор салым кошуп, жаңычылдык киргизген аял-кыздарга ыйгарылат. Сыйлыкты тапшыруу аземи 4-мартта онлайн форматта өтө турган болду.

Белгилей кетсек, Асель Сартбаева Борбордук Азиядан чыгып, дүйнөлүк алкакта таанылган алгачкы илимпоз аялдардын катарында. Ал кесиптештери менен биргеликте вакцинаны муздаткычсыз сактоо ыкмасын иштеп чыккан. Учурда Сартбаева Улуу Британиядагы “Bath” университетинде эмгектенет.