Кыргыз келин Москвада отургучтан таап алган кызды 4 жылдан бери багып келет

Кыргыз келин Москвада отургучтан таап алган кызды төрт жылдан бери багып келет. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты. 

Келин 16-июнда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине барып, башка бирөөнүн баласына документ алууга жардам берүүнү суранган. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери милицияга кайрылып, укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштаган. 

Көрсө, келин 2018-жылдын жайында Алтуфьевское шоссесинин жанындагы отургучтан оролгон ымыркайды таап алган. «Кыздын колунда төрөт үйүнөн Амина аттуу бирка жана апрель айында туулган күнү жазылган. Келин баланы өзүнө калтырууну чечкен жана ал табылганын полицияга да билдирген эмес», — деп жазышат ЖМКлар.

Кыргызстандык келин ымыркайды өз кызындай кылып чоңойткон жана ага документ жасаткысы келген. Азыр кызды алып кетишти. Учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.