Кыргыз келин Стамбулдун аэропортунда көз жарды (Видео)

Кыргызстандык келин Стамбулдун аэропортунда төрөдү. Бул тууралуу НТВ каналы жарыялады.

Телеканалдын берген маалыматына караганда, келин күйөөсү менен Россиядан Санкт-Петербург — Стамбул каттамы менен учуп келген. Паспорт көзөмөлүнөн өткөндөн кийин, жубайлар Анкара шаарына учуп кетиши керек болчу. Бирок келин күтүүсүздөн эсин жоготкон.

Келиндин күйөөсү анын кош бойлуу экендигин айткандан кийин, аэропорттун кызматкерлери төрөткө даярдана башташкан. Ал кыз төрөгөн. Эне-бала Басакшехир шаардык ооруканасына жеткирилген. Телеканалдын маалыматында эне-баланын абалы жакшы экени айтылды.

Буга чейин 9-декабрда кыргызстандык 29 жаштагы Үпөл Курманова Орусиянын «Электрозаводская» метросунда төрөгөн болчу. Анын төрөтүн эки милиция кызматкери кабыл алган.