Кинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров 68 жашында дүйнө салды

Кинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров катуу оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу 16-июнда Кинематография департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, Самир Жапаров 10-июнда 68 жаш курагында каза тапты.

Маркум кыска метраждуу жана даректүү фильмдердин автору болгон. Анын «Космонавттын көчмөнү» аттуу тасмасы бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. 1984-жылы аталган тасма “Оскар” сыйлыгына номинант болгон. 1984-жылы АКШнын Киноакадемиясынын «Алтын Бүркүт» атайын сыйлыгын, 1983-1984-жылдары Германияда жана Испанияда өткөн бир катар эл аралык кинофестивалдарда Гран-при алган.